Бишкек-Ош жолунун 374-чакырымында жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыганан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-ноябрь күнү Бишкек-Ош жолунун 374+500 чакырымында, Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1968-жылы туулган Ж. А. Х өзүнө таандык Форд-Транзит үлгүсүндөгү ак түстөгү автоунаасы Бишкек багытынан Ош багытын көздөй башкарып бара жатып, алдында оор жүк ташуучу унаасынан озуп өтүп карама-каршы тилкеге чыгып барып Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1992-жылы туулган Н. А башкаруусундагы оор жүк ташуучу автоунаасынын алдынкы сол тарабын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болгон.
Каза болгон жарандар:
1) Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1968-жылы туулган Форд Транзитин айдоочусу;
2) Кадамжай районунун 1972-жылы туулган тургуну (аял киши);
3) Кадамжай районунун 1994-жылы туулган тургуну;
4) Кадамжай районунун 1967-жылы туулган тургуну;
5) Кадамжай районунун 1972-жылы туулган тургуну (аял киши):
6) азият улутундагы жашы болжол менен 65-70 жаштагы аял кишинин өздүгү тактала элек.