7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек–Ош унаа жолунун тоо бооруна коргоочу торлорду орнотуу иштери 90 пайызга аяктады

228

Бишкек–Ош унаа жолунун кар көчкү жана таш кулоо коркунучу жогору болгон 400-чакырымында узундугу 742 метрди түзгөн эки тилкелүү тоннель курулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жолдун 409-чакырымында таш кулоодон коргоочу курулмалар, ал эми 451-чакырымында жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдар курулуп жатат.
Ошондой эле тоннелдин Бишкек тараптагы кире беришиндеги тоо бооруна коргоочу торлорду орнотуу иштери 90 пайызга аяктады.

Мындан сырткары, курулушка керектүү бетон заводу толугу менен бүткөрүлүп, инженер-консультанттар үчүн кеңсе жана лабораториянын курулушу аяктоо алдында турат. Тоннелди курууга зарыл болгон атайын материалдар Япониядан этап-этабы менен жеткирилип, учурда алардын жети партиясы Кыргызстанга алып келинген.

Бул ири инфраструктуралык долбоор Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан биргелешип ишке ашырылууда.

Тоннелди толук пайдаланууга берүү 2028-жылга пландалган.

229