7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Ош жолунда унаа оодарылып, 4 адам жабыркады

513

Бишкек-Ош жолунда унаа оодарылып, кырсыктан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 624-чакырымында 26 жаштагы айдоочу Хонда-Фит унаасы менен бара жатып, рулун башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

«Кырсыктын кесепетинен унаада жүргүнчү катары бара жаткан Өзгөн районунун 4 тургуну жаракат алып, Куршаб аймактык ооруканасына кайрылган. Бул жол кырсыгы Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514