7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 18 партия катышарын билдирди (ТИЗМЕ)

761

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого 17 партия катталганы айтылган . Ал эми БШК бүгүн, 18 саясий партия катталганын кабарлады. Анда 1371 талапкер көрсөтүлүп, 1258 талапкердин тизмеси катталды. БШК ар кандай себептер менен 113 талапкерди каттоодон баш тарткан.

20-июнунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого төмөнкү саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттады:

  • «Эмгек партиясы»;
  • «Өнүгүү-Прогресс»;
  • «Туран» демократиялык партиясы;
  • «Биздин Эл»;
  • «Замандаш»;
  • «Борбор» демократиялык партиясы;
  • «Кыргызстандын жашылдар партиясы»;
  • «Ынтымак»;
  • «Биздин Кыргызстан»;
  • «Социал-демократтар»;
  • «Реформа»;
  • «Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы;
  • «Келечек-Будущее»;
  • «Ата-Журт Кыргызстан»;
  • «Ишеним»;
  • «Жаны-Мезгил»;
  • «Улуу-Журт»;
  • “Айкөл Кыргызстан”.

“Социал-демократтар” саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу жаңы саясий партияларды каттоодон баш тартууга боюнча арыз калтырган,  Бишкек АШК  арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышууга партияны өткөрүү жөнүндө “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын арызын карап чыгып, депутаттардын өзгөртүлбөгөн тизмесин эске алып, Бишкек АШК “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону чечти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

762