7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаардык сотунун судьясы жана аялы кармалды

442

Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы жана анын аялынан алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Тактап айтканда, М.Г.М. аттуу жаран КР жаранынан 2000 АКШ доллары (174 000 сом) өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.  Аталган жаран «М Банк» тиркемеси аркылуу анын атына акча которгон.

Ал жолдошу Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы А.А.Б.дан Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясы Ж.М.З. (А.Г. аттуу жарандын доо арызы боюнча баяндамачы болгон) менен байланышууну суранып, А.Г. аттуу жарандын пайдасына оң чечим чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.

Ушул жылдын 16-декабрында судья Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясынын иш бөлмөсүнө кирип, доогер жаранга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми судья-баяндамачы мындан баш тартып, мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алына тургандыгын белгилеген. Ошол эле учурда, судья- баяндамачы аталган жарандык ишти кароону токтоткон, бул доогер А.Г. аттуу жарандын пайдасына болгон эмес.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, КР жараны М.Г.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Бишкек шаардык сотунун судьясына карата чогултулган материалдар Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жөнөтүлүп, алар кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришти.

Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясы А.А.Б. жана анын жубайы М.Г.М.нын баш коргоо чарасын тандоо боюнча чечим кабыл алынат.

443