Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкек шаарында 20 мектептин курулушун баштады. Бул тууралуу ведостводон билдирди.
Маалыматка ылайык, алар:
Октябрь району:
- Көк-Жар конушунунун Куйручук көчөсү 123/1 дарегиндеги №88 орто мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу;
- Түштүк пландоо зонасынын Токомбаев көчөсү 15/8а дарегине жаңы мектеп;
- №8 кичи району 19/1 дарегиндеги №64 орто мектебине кошумча окуу корпусу;
- Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп;
- Кара-Жыгач конушунун Оберон көчөсү 18/1дарегиндеги №91 орто мектебине кошумча корпус;
- Көк-Жар айылынын Кийизбаев-Алапаев дарегине жаңы мектеп
Ленин району:
- Алыкулов көчөсү 1 дарегиндеги №42 орто мектепке кошумча корпус;
- Кашка-Баш айылынын №84 жаңы мектеп;
- Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсү 1 дарегине 750 орундуу жаңы мектеп;
- Гагарин көчөсү 166 дарегиндеги №55 орто мектебине 1200 орундуу кошумча корпус;
- Жал кичи району 29 дарегиндеги №72 мектепке кошумча корпус;
- Арча-Бешик конушунун Садыбакасов 94 дарегиндеги №79 мектепке кошумча корпус.
Биринчи май району:
- Калыс-Ордо конушунун №86 орто мектебине өзүнчө кошумча корпус;
- Дача-Суу конушуна жаңы мектеп;
- Васильев көчөсү 169 дарегине жаңы мектеп;
- Достук айылына 750 орундуу жаңы мектеп;
- Кудайберген конушуна 1200 орундуу жаңы мектеп.
Свердлов району:
- Дордой конушунун дордой Аул-13-12 көчөсүндөгү №94 мектепке кошумча корпус;
- Дубосековская көчөсү 39а дарегинде жайгашкан №32 орто мектебине кошумча корпус;
- Сеченов көчөсүндө жайгашкан №46 мектепке кошумча корпус.
Белгилей кетсек, аталган мектептер президент Садыр Жапаровдун 2026-жылы Бишкек шаарына жаңы 20 мектеп куруу боюнча тапшырмасынын алкагында курулууда.



