Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 27-февраль күнү Ленин РИИБине Б.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Д. аттуу чала таанышы 2020-жылдын декабрь айында арыз ээсинин ишенимине кирип, кол саатын сатууга жардам берем деп баасы 1 миң 400 доллар турган «Montblanc» үлгүсүндөгү саатын ээлеп алып, убадасын аткарбай качып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктадын бирдиктүү реестрине 204-берене «алдамчылык» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектелип 1983-жылы туулган Ф.Д. аттуу жаран кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.