7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү кармалды

417

 

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-январь күнү И.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын июль айында «Ж» аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, баасы 27 миң доллар турган Лексус-570 үлгүсүндөгү унаасын сентябрь айына чейин төлөп берем деп алып, убадасын аткарбай качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестрине, 204-берене «уурулук» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин жүрушүндө кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган Ж.О. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына тиешеси бар жоктугу аныкталып жатканын кошумчалашты.

418