Бүгүн, 26-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) демилгеси менен дүйнө жүзүндө кыздарга жана аялдарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жок кылууга чакырган гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
<<Борбор калаанын мэриясы четте турбады, тилектештиктин белгиси катары биз бардык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу акциясына кошулабыз. Кантсе дагы, зордук-зомбулук жок, коопсуз шаарда жашашыбыз керек>>, — деп айтылат билдирүүдө.
Акциянын алкагында 16 күн бою борбор калаанын мэриясынын имаратында кызгылт сары түстө жарык күйүп турары кабарланды.
Аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүн токтотуу өнөктүгү 10-декабрь — Эл аралык Адам укуктары күнүнө чейин уланат.