7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаарга 25 жер тилкеси кайтарылды

755

Муниципалитет Түштүк магистралдын боюндагы Бах көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки жер тилкелерин шаарга кайтарып берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы көчөлөрдүн жана борбор калаанын санитардык абалын жакшыртуу, ошондой эле шаарды мыйзамсыз курулуштардан арылтуу боюнча иш алып барууда.

Буга чейин Ленин райондук прокуратурасы 25 жер тилкесин колдонуу укугун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылган. Райондук сот бул чечимди канааттандырарлык деп таап, бирок шаардык сот алардын айрымдары боюнча административдик соттун чечимин жокко чыгарган. Иш Жогорку соттун кароосуна жиберилген.

Жогорку соту 25 жер тилкесинин менчик укугун жокко чыгаруу боюнча райондук соттун баштапкы чечимин күчүндө калтырды:

-32а-43
-32а-44
-32а-45
-32а-46
-32а-47
-32а-54
-32а-56
-32а-58
-32а-62
-32а-63.

Азыр бул жер тилкелери муниципалдык.  Ал эми калган 15 участок соттордун кароосунда.

Инспекциянын иши боюнча суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756