«Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-мартта УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытайдын жаранынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылып, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант кармалды. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.