7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекке АКШдан баңгизат ташыган каналдын иши токтотулду

663

Америка Кошмо Штаттарынан почта жөнөтмөлөрү аркылуу «гашиш майы» баңги каражаттарын жеткирүүнүн туруктуу каналын жөнгө салган трансулуттук баңги топторунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-май күнү Бишкек шаарында баңгизатын алып жаткан 1992-жылы туулган И.Р. жаран кармалган.
Учурдагы ыкчам маалыматтарга ылайык, Америка Кошмо Штаттарынын жөнөтүүчү системалуу түрдө азык-түлүк жамынып баңги каражаттарды жөнөттү. Жыйынтыгында, таңгакталган түрдө алынган баңги каражаттарынын жалпы салмагы 970 гр түздү.
Ошондой эле, бул «гашиш майы» баңги каражаттары электрондук тамекилерге жана вапаларга куюуга арналганын белгилей кетүү керек. Кара базарда баасы 1 гр. «гашиш майы» баңгизаты толтурулган капсуласы 100 АКШ долларын түзөт.
Учурда тергөө жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664