Бүгүн «Манас» эл аралык аэропортуна Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча биринчи учак келип конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Аталган багыт боюнча каттамдарды Кытайлык Loong Air авиакомпаниясы аткарууда. Азыркы учурда аталган авиакомпания Бишкек-Сиань багыты боюнча каттамдарды да аткарууда.
Бишкектен Чэнду шаарына каттамдар 12-декабрдан, 2024-жылдын 30-мартына чейин жумасына шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы.