7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекке жаңы заманбап техника алынат

368

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиев баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүрөт.

Борбор калаанын мэриясынын адистери атайын жабдууларды алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаты кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет.

«Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын паркын 350 бирдиктен ашык заманбап атайын техникалар толуктайт.

Каражат Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнгөн. Бул атайын техника коммуналдык кызматтар үчүн зарыл, анткени техника паркы акыркы жолу 10 жылдан ашык убакыт мурун жаңыланган. Алар ушул күнгө чейин муниципалдык ишканалар тарабынан төлөнүп келген кредиттик негизде сатылып алынган.

Жакынкы аралыкта шаар тургундары борбордо жаңы заманбап атайын техникаларды көрө алышат.

 

 

369