7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгарылышы боюнча жооп берди

461

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын жыйындарына үзгүлтүксүз катышканын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

“Урматтуу элим! Айрыкча Баткендиктерим! Мени Бүтүн Кыргызстан фракциясынан чыгарганы мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес жана «фракция жыйындарына катышпай жүргөн» деген күнөө негизсиз. Биринчиден мандат алып иштеген күндөн баштап 4-жолу гана фракция жыйыны болгон. Мен баарына катышкам. Аны кесиптешим Алишер Эрбаев да тастыктап фракция жыйынында айтып берди. Мейли ал башкысы эмес фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады. Эгер чындыктын символу деген партиянын ичинде кандай «былыктары» бар экенин кеп кылсак анда кептин төркүнүн башынан баштоо керек. Убакыт келет эл «чындык» деп тааныган адамдардын абийири кандай экени ачыкталат. Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам. Ток этерин айтканда фракциясы жок эле депутаттык ишмердүүлүгүмдү элим үчүн ак иштеп уланта беремин. Алдыда аткара турган мыкты иш пландарыбыз көп. Кыжалат болуп жеке баракчама жазып, чалып сурап жатасыздар. Менде баары жакшы. Мындай майда чечимдер үчүн баш оорутуунун кажети жок болчу. Көпчүлүктүн оюн сыйлап жооп жазып койдум”,-деди депутат.

 

462