7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 120га жакын күрөөкана текшерилди

685

Бишкек шаарынын аймагында иштеп жаткан 120 күрөөканада мыйзамдын сакталышы боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы жок иштеген 2 ломбард, Салык мыйзамдарын одоно бузган 2 ломбард, иш-аракетинде насыя алуучуларга карата алдамчылык аракеттердин белгилери байкалган 3 ломбард аныкталган.

Ошондой эле, 200%дан ашкан пайыздык үстөк менен кыска мөөнөттүү кредиттерди берүү фактылары жана күрөөгө коюлган талаптарды бузуу (ээсинин билбестен транспорт каражаттарын жана башка каражаттарды пайдалануу/сатуу) аныкталып, учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

Буга байланыштуу, 120 ломбарддын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43%га чейин төмөндөтүүгө милдеттендирилди.

Жогоруда айтылгандар менен катар УКМКнын демилгеси менен 29-декабрда Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтында бардык ломбард жетекчилеринин чогулушу пландаштырылууда, анда бизнес жүргүзүүнүн жаңы шарттары айтылат.

 

686