7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Евронун негиздөөчүсү Жак Делор каза болду

909

Европа комиссиясынын мурдагы төрагасы, бирдиктүү европа валютасы — евронун негиздөөчүсү Жак Делор 98 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жак Делор Францияда 1981-1984-жылдары — президент Франсуа Миттерандын тушунда финансы министри болуп иштеген. 1995-жылы сурамжылоодо атаандаштарынан кыйла артыкчылык алса да, президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Делор Еврокомиссияны 1985-1995-жылдары башкарып турган. Бул он жылдык Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ички интеграциясы бекемделген мезгил болуп калды. Жалпы базар мейкиндиги түзүлүп, Шенген келишими түзүлгөн. Студенттердин «Эразмус» программасы кабыл алынып, Европанын бирдиктүү валютасы — евро бекитилген.

Белгилей кетсек, Делор Еврокомиссиянын башчылыгынан кеткенден кийин, европа федерализмин өнүктүрүү үчүн аналитикалык борборлорду түзгөн.

 

910