Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында кабарланат.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин айрым кызматкерлери, «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, «ГГ» курулуш компаниясы менен жең ичинен келишимге барып, долбоордук документтерди мыйзамсыз берүү менен 14 кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат беришкен.
Аталган факт боюнча материалдар кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.