7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 14 кабаттуу үйдүн курулушунан мыйзам бузуулар табылды 

146

Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Ага ылайык, аталган турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында плитадан чыгып турган арматуранын коргоочу катмарынын өлчөмү долбоордук талаптарга ылайык келбестиги аныкталган. Бул конструкциянын бекемдигине жана ишенимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, имараттын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Натыйжада, аталган факт боюнча «Инком системс» ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.

147