7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 14 жаштагы 2 өспүрүм изделүүдө

28

Бишкекте 14 жаштагы 2 өспүрүм дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы 18-октябрда Н.Т. аттуу жаран аталган күнү саат 03:00 чамасында Сухомлин көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 2011-жылы туулган сиңдиси Анжела Чуменкону табууга көмөк сурап Ленин РИИБиге кайрылган.

Белгилери: бою 155-160 см, арык, чачы күрөң.

Өзгөчө белгилери: ден соолугуна байланыштуу майыптыгы бар.

Кийип жүргөн кийимдери: кара толстовка кара шым, кара бут кийим.

Ушул эле жылдын 20-октябрында Р.В. аттуу жаран 2011-жылы туулган уулу Алексей Рогозинди табууга жардам сурап жогорудагы башкармалыкка кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, уулу 19-октябрда саат 21:30дар чамасында Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан «Манас» кинотеатрынын аймагынан кеткен боюнча дайынсыз экенин билдирген.

Белгилери: бою 155-160 см, арык, чачы күрөң.

Кийип жүргөн кийимдери: кара спорттук кийим.

Милиция өспүрүмдөрдүн көргөн же жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды (0312) 35-29-47, (0312) 35-12-70 номурларына кабар берүүнү өтүнөт.

29