7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 15 жаштагы Айбийке изделүүдө

622

Бишкекте 7-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө кызды табууга көмөк көрсөтүүнү суранып анын апасы арыз менен кайрылды. Айбийке 7-апрель күнү саат 10:30 чамасында Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес», — деп айтылат маалыматта.

Белгилери:

Бою 145-150 сантиметр, толмоч дене түзүлүштө. Чачы сары, узун. Учтары түзсүздөндүрүлгөн. Көзү жашыл түстө.

Кийген кийимдери:

Кара түстөгү жазгы күрмө, кара шым, кара туфли. Рюкзак асынган.

Айбийке Мамбеталиеванын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар болсо төмөндөгү телефондор аркылуу байланышка чыгып, кабарлап коюуну милиция өтүнөт: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-880, 0(703) 401-600, ( 707) 304-753 и 102.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

623