Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматы тарабынан, борбор калаадагы түнкү клубдандын биринде баңгизаттарды сатуучу туруктуу канал жөндөп алганы аныкталган.
Жазык кодексинин 267-беренесинде «Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1991-ж.т., К.У. аттуу клубдун барында диджей болуп иштеген, коңшу мамлекеттин жараны кармалган.
Кароо жүргүзүүдө шымынын чөнтөгүнөн кендир жытына ээ болгон кара-күрөң түстөгү зат табылган. Ошондой эле анын бөлмөсүн тинтүүдө аталган затка окшош зат алынган.
Сотко чейнки өндүрүш иши ачылып, аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.