7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 7 жаштагы кыз зордукталып, кылмышкер изи сууй электе кармалды

3475

Оштун Кара-Суу районунда 7 жаштагы кыз зордукталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматты билдирди. Маалым болгондой, 9-апрель күнү саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну 7 жаштагы «Н.А.» талаа аркылуу үйүнө кетип жаткан учурда зордукталган. Жабырлануучу, жыныстык жактан зордукталып, денесинен алган жараатынан улам Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген.

«Ош ОИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышканда, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар табылды. Андан соң, иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кылмыштын изи сууй электе кылмышкер Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын тургуну 26 жаштагы «Н. уулу А.» экендиги аныкталды. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө күнөөнү толугу менен мойнуна алды. Учурда айыпталуучу, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»-деп айтылат мааалыматта.

Жабырлануучу: «Н. А.» 7 жашта Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну, 1 класстын окуучусу, таэнесинин колунда тарбияланып жаткан. Өспүрүмдүн апасы Орусияда мигрант.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3476