7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Бишкекте 20-августтан тарта автобус менен троллейбустар накталай акча албайт

493

20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

«Эми үстүбүздөгү жылдын 20-августунан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Жүргүнчүлөр үчүн накталай эмес төлөм ыкмаларынын төмөнкү жолдору сунушталат:

— үч категориядагы «Тулпар» транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— Кыргызстандын бардык банктарынын Visa жана Элкарт контактсыз карталары;
— Виртуалдуу NFC картасы;
— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Стандарттык көк карталарды «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алуу зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

494