1-сентябрь билим күнү жана жаңы 2023-2024-окуу жылынын башталышы катары салттуу түрдө белгиленет.
Борбор калаанын мектептеринде коноктордун жана ата-энелердин катышуусунда салтанаттуу линейка өттү. Бул күнү 20 миңден ашуун 1-класстын окуучулары биринчи жолу мектеп босогосун аттап, биринчи коңгуроо кагылды.
Белгилей кетсек, борбор калаанын билим берүү системасы 103 жалпы билим берүү уюмунан, 95 мектепке чейинки билим берүү уюмунан жана 6 мектептен тышкаркы уюмдардан турат. Жыл сайын окуучулардын, орто эсеп менен 8589 баланын санынын динамикалык өсүшү байкалууда, бул төрөлүүнүн жана ички миграциянын өсүшү менен байланыштуу.