Бүгүн, 18-сентябрь Бишкекте 20 жаштагы бала поезддин алдында калып каза болду.
Окуянын күбөлөрүнүн маалыматына ылайык, кырсык бүгүн 10:30дар чамасында, Бишкектин Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кечисишиндеги темир жолдо катталган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы жана күч түзүмдөрү барган.
Маалыматты Кыргыз темир жолу ишкананысынын басма сз кызматы тастыктады. 2000-жылы туулган Р. уулу Э. аттуу жаранды жүк ташуучу поезд берген сигналды укпай, жолго чыга калып, кырсык катталган.
«Алдын ала маалымат боюнча, темир жолдун үстүндө Р.у.Э. кетип бара жаткан, поезддин берген сигналына маани берген эмес, ал эми машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урулуп, каза болгон. Туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз»-деп жазылат.