Бишкекте кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип каза болду. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.Айтматов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кыз секирген.
Милицияга чакыруу саат 13:55те түшкөн, жерине барган милиция кызматкерлери 2001-жылы туулган М.Г.ны аныкташкан. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталаган.
Учурда экспертиза дайындалган.