7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 26 жаштагы Диана Садабаева изделүүдө

223

Бишкекте 26 жаштагы Диана Садабаева изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Арыз ээси Д.А.нын айтымында, кызы Диана 2025-жылы 21-октябрда саат 17:30дар чамасында Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 162-165 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара, бетинин оң тарабында тырыгы бар, үстүндө ак-сары толстовка, кара спорттук шым, кызгыл түстөгү бут кийим.

Милиция Диана Садабаеваны көргөн же жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312 35 29 47, 0700 567 153 номурларына кабарлоону өтүнөт.

224