7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 3 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

383

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «А.Ж.» АКсына (мында акционерлердин бири мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча орган болгон) автотранспорт ишканасын түзүү жана автотранспортту токтотуу үчүн максаттуу багыты бар 5,5 Га жер тилкесин өткөрүп беришкендиги аныкталган.

Андан соң, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча органга таандык акциялардын үлүшү акционердик коомдун башка катышуучулары тарабынан, сатуу учурунда колдонулган жол-жоболорду бузуу менен төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатылып алынган. Ошол эле учурда бөлүнгөн жер тилкеси А.Ж. АКнын менчигинде толук бойдон калган. Көрсөтүлгөн фактылардын натыйжасында мамлекетке материалдык зыян келтирилген.

Аталган объектинин ээси А.А.К. аттуу жаран бул мүлккө ээлик кылуунун жана пайдалануунун мыйзамсыздыгын моюнга алган. Ал акционерлер менен биргеликте аянты 5,5 га жер тилкесин бөлүп берүү жана бардык курулуштары менен 3 га жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берүү чечимин кабыл алды.

Бүгүнкү күндө бул объект Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

384