«Дордой» футбол академиясынын 2013-жылкы спортчулары 25-мартта Алматы шаарында өткөн «NAURYZ CUP» эл аралык турнирге катышып, чемпион болду.
Жаш футболчулар машыктыруучу Владимир Садовскийдин жетекчилиги астында «В» тайпасында ойношту. Бул турнирге Кыргызстан менен Казакстандан жалпы 20 команда катышкан.
Чейрек финалда «Дордой» «Шахтерди» 4:3 эсебинде жеңсе, жарым финалда «Арыстан» (2014) командасын 4:0 эсебинде утуп алды.
Ал эми финалда «Дордой» командасы ФФК менен кез келип, 4:0 эсебинде жеңишке жетип, эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.
Ошондой эле, кыргызстандык жаш спортчулар Чынтаро Асанов «Мыкты чабуулчу», ал эми Азим Кадыров «Мыкты коргоочу» наминациясы менен сыйланды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram