7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 30дан ашуун үй тибиндеги бала бакча ачылды

832

Бүгүнкү күндө борбордогу пилоттук райондордо үй тибиндеги 31 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Кыска мөөнөттүү окуудан өткөн 459 адамга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө сертификат берилген. Ал эми 149 адам аталган багытта жеке ишкер катары Мамлекеттик салык кызматында каттоодон өттү. Мындан тышкары, жыйында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө сертификат алган жактарды жана ал кызматтан пайдаланчу 1-6 жаштагы балдарды медициналык кароодон өткөрүү алгоритмдери каралды.

Үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

833