7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенге мыйзамсыз алынып келген 500 миң сомдук 50 блок тамеки табылды

961

Баткенге мыйзамсыз түрдө тамеки алып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майда Сүлүктү шаарынын Кольцо участогунун аймагында, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык айылынын тургуну, 1983-жылы туулган жарандын башкаруусунда ВАЗ 21013 үлгүсүндөгү унаа кармалган. С.К.Х. унаасын оңдоо үчүн Раззаков шаарын көздөй бара жаткан, “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү пунктунун жанынан белгисиз адам аны токтотуп, 10 кутудан турган жүктү Раззаков шаарына 10 миң сомго жеткирип берүүнү суранган.

Унааны текшерүү учурунда кабинадан 10 куту “Esse Change” тамекиси табылган, анын ар бир кутусу болжолдуу базар баасы боюнча 500 миң сомду түзгөн 50 блок тамекини түзөт. Тамеки буюмдары Кыргызстандын аймагында сатуу үчүн коңшу республикадан мыйзамсыз алынып келинген.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

962