7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Германиянын президенти жолукту

715

Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди, килемчелер төшөлдү.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашты, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү. Андан соң Садыр Жапаров жана Франк-Вальтер Штайнмайер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери кеңейтилген форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716