7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 36 тез татым түйүнү текшерилип, 568 миң сомго айып салынды

563

Бишкектин Санэпидкөзөмөл борбору эки күндүн ичинде 37 тез татым түйүнүн текшерип чыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында санитардык эреже бузгандыгы үчүн 36 протокол түзүлүп, 568 миң сомго айып салынды. Аныкталган кемчиликтер жоюлганга чейин 10 коомдук тамактануучу жай жабылды.

Мындан тышкары, жер-жерлерде алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, дем алышта Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш Лаваш» жана «Мидос» тез татымдарынан шаурма жегендер уулангандыгы катталган. Бүгүн, кайрылгандардын жалпы саны 71 адамды түзүп, алардын 36сы ооруканага жаткырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

564