7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 40 чакырымдан ашык эски электр линиялары жаңыланат

184

Бишкекте 40 чакырымдан ашык эскирген электр линиялары жаңыланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бул иштер 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында аткарылууда. 2026-жылы борбор калаада 40миң 700 чакырымдан ашык СИП-кабелди тартуу жана реконструкциялоо каралган. Иштер марттан ноябрга чейин жүргүзүлүп, шаардын негизги электр тармактарын камтыйт.

Долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылат:

  • эскирген электр линияларын жаңылоо,
  • эски зымдарды заманбап изоляцияланган СИП-кабелдерге алмаштыруу,
  • жаңы тирөөчтөрдү орнотуу жана учурдагы конструкцияларды бекемдөө,
  • жаңы абоненттерди кошуу жана турак жай массивдериндеги тармактарды өнүктүрүү,
  • иштеп жаткан линиялардагы жүктөмдү азайтуу,
  • электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтуу.
185