Бишкекте 43 жаштагы Тынычбек Апсатаров аттуу жаран дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңеши билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 6-октябрь күнү “Учкун-9” жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон ушул күнгө чейин кайрылып келе элек.
«Белгилери: бою 160 сантиметр, салмагы 50 килограмм, арык чырай. Өзгөчө белгилери: кырдач мурун, үстүнкү эрининде кичинекей тырык бар. Психикалык жактан жабыркагандыктан кайда жүргөнүн билбей калышы мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.
Изделип жаткан адам тууралуу маалымат билгендер болсо 0555230490, 0755074720 номурларына кабарлап коюууңуздарды өтүнөбүз.