Эртең, 6-октябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн бардык аймактарында жамгыр, тоолорго кар жаайт.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. Чүй, Талас, Нарын облустарында түндө -2….-4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 2…7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн. Күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7
Эскерте кетсек, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…13, күндүз 0…-5° болот.