“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы 60 миң жашыл тосмо көчөттөрүн отургузууну пландаштырууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, атайын бактардын жашыл тосмосу — бул кооздуктун жана функционалдуулуктун айкалышы. Бул бадалдын түрү оңой өсүп, тез жетилет, эң негизгиси бутоо иштерине активдүү өсүү менен жооп беришет.
Белгилей кетсек, Бишкек жашыл чарба” муницпалдык ишканасынын кызматкерлери Бөкөнбаев жана Абдрахманов, Чүй/Гоголь, Ч.Айтматов көчөлөрүндө 20 миң жашыл тосмо көчөттөрүн отургузушту.
Ошондой эле Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүндө өсүп жаткан жашыл тосмолорду өз калыбына келтирип жатышат.