7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 61 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарып жүргөн

140

2025-жылдын 23-октябрында өткөрүлгөн «Рулда» аттуу кеңири көлөмдөгү рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 61 айдоочу аныкталды.

Мындан тышкары, рейддин жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуулар катталды:
• 15 айдоочу — мас абалында унаа башкарган;
• 14 айдоочу — укук берилбестен алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылаткан;
• 45 жөө жүргүнчү — жолду уруксат берилбеген жерден өткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган.

Жыйынтыгында, ар түрдүү мыйзам бузуулар үчүн 359 унаа айып короого токтотулду.

Бишкек ш. МККБсы бардык айдоочуларды жана жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого, жолдо этият жана жоопкерчиликтүү болууга чакырат.
Эсиңиздерде болсун — жол эрежесин сактоо ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылат!

141