7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 8 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

385

Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобустун каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрөт.

Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоо иштерине, суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда жабылган.

Мындан тышкары, аталган тилкеде эски асфальт катмарын жана бордюрларды жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

386