7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 8 кабат имараттын чатырына күн панелдери орнотулду

123

Бишкек шаарындагы Панфилов 178 дарегинде жайгашкан “Орион — 2” Бизнес борборунун 8 кабаттуу имаратынын чатырына 50 кВт күн панелдери жана короосуна 200 кВт аккумулятор “Орион” курулуш компаниясы тарабынан орнотулду. Бул тууралуу Тилек Рыскулбеков билдирди.

Анын айтымында, күн панелдерин орнотуу менен бул имараттагы ишканалар, банктар үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болот.

Алгачкы жолу орнотулуп, ишке берилген күн панелдеринин иши менен таанышууга энергетика министрлигинин, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Бишкек шаардык мэриясынын, Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Күн панелдери орнотулгандан кийин имараттын электр тармагынан керектеген электр энергия көлөмү учурда 30 пайызга чейин кыскарганын, жай мезгилинде электр энергия керектөөнүн бөлүгү 50 пайызга үнөмдөлө тургандыгын ишкана өкүлдөрү билдиришти.

Күн панелдерин орнотуу — бул бир жолку иш эмес, өлкөнүн энергетика тармагына заманбап жана инновациялык технологияларды киргизүүнүн тутумдуу иши экенин баса белгилейбиз.

124