Бишкек шаарында 80 жаштагы чет өлкөлүк аял ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы жабырлануучу чет өлкөлүк жаран менен биргеликте ЖЧК түзүшкөн. Чет өлкөлүк жаран андан 30 миң долларды 6 тонна дары чөптү жана 11 миң 500 долларды шприцтерди жеткирип берүү үчүн алып, из жашырган.
Натыйжада арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция аталган адамдан жабыркаган жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга же 102 номерине кабарлоого чакырат.



