Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү адамды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, 10-март күнү болжол менен саат 07:08 чамасында Бишкек ШИИББинин «102» кызматына Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке барган кызматкерлер 1979-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан. Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, шектүү катары 1967-жылы туулган Б.О. аттуу адам кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.