7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды

579

 

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү Чуйков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1987-жылы туулган С.С. менен 1995-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалган. Алар Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү башталган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

580