7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп бара жаткан эки жүк ташуучу автоунаа кармалды

771

 

Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп бара жаткан эки жүк ташуучу автоунааны кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, оор жүк ташуучу автоунаалар ири көлөмдөгү чылымды Кыргызстандын аймагынан чыгарып бара жатышкан.

«Кармалгандар ар кайсы өндүрүшчүлөр чыгарган 760 миңден ашык таңгак чылымды мыйзамсыз, тиешелүү уруксат кагаздарысыз ташып алып чыгып бара жаткан», — деп жазылат маалыматта.

УКМКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан товардын баасы 40 миллион сомдон ашык болгон.
Аталган факт боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамсыз ишке тиешелүү тараптар такталууда.

772