7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Урматтуу аялдар, силер эл-журтубуздун кутусуңар!

410

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Ардактуу апалар жана эже-карындаштар!

Сиздерди Аялдардын эл аралык күнү — 8-Март майрамыңыздар менен куттуктайм!

Аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу болуп келген. Кыргыз коомунда аялдарга сый-урмат менен мамиле жасоонун салты калыптанып, алар элибиздин коомдук жана саясий турмушунда маанилүү роль ойношкон. Муундан муунга өтүп келаткан өрнөктүү салт-санааларыбызды үзбөй сактаган кыргыз аялы бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү болуп келет.

Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөдү. Биз аял- врачтардын, медайымдардын, волонтерлордун каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз, алар бул күтүлбөй келген кырсыкка каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту.

Аялдар коомдун бардык тармактарында эмгектенип, жумушка жооптуу жана жаңычыл мамиле жасоонун өрнөгүн, реформаларды жүзөгө ашырууга дилгирлигин көрсөтүүдө.

Бул жетишкендиктерди андан-ары бекемдөө үчүн аялдардын башкаруудагы ролун арттырууга күч үрөп жатабыз. Жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда биринчи жолу аялдарга отуз пайыз квота берилет, демек, алар жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесттерге да таасир этүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Урматтуу аялдар!

Силер эл-журтубуздун кутусуңар, бизди сыймыкка бөлөп, ар дайым шыктандырып турасыңар. Жаркыраган жаздын жылуу илеби менен кошо келген майрам күнү жүзүңөргө жылмаюу тартуулап турсун, жакындарыңардын арзуусу менен камкордугу ылайым курчап турсун!

Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай жана бейпилдик каалайм! Сиздерди жакшылыктар жана ийгиликтер коштоп жүрө берсин!»

411