7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте айдоочу аялдамадагы адамдарды сүзүп кеткен. Балалуу аял жабыркады

894

Бишкекте жол кырсыгы катталып, аял киши баласы менен жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

«Болжол менен саат 10:00 чамасында Ауди үлгүсүндөгү унаа Чүй проспектиси менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Чыгыш-5ке жеткенде унааны башкара албай, аялдамадагы жөө жүргүнчүлөрдү — аял кишини баласы менен дагы бир жаранды сүзгөн. Кесепетинен балалуу аял жабыркаган. Жерине Тез жардам кызматы чакырылган. Милициянын кайгуул кызматы жеринде иштеп жатышат»,- деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

895