7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте айдоочу милиционерди сүзүп кете жаздады (ВИДЕО)

893

Бишкекте Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен №41 автобустун айдоочусу милиционерди сүзүп кете жаздады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Автобустун айдоочусу 1982-жылы туулган К.Д. Ал жеринде кызматта турган милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери токтотконуна карабастан айдоочу жоопкерчиликтен качып кеткен. Кийин автобус Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, айдоочуга карата автоээнбаштык жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 20 миң 500 сомго айып протоколдору толтурулган.

Автобус айып короого токтотулуп, айдоочунун кылган иш-аракетин мыйзамдуу териштирүү максатында тергөө кызматына жеткирилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

894