Бишкекте айдоочу милиция кызматкерин сүзүп алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, болжол менен саат 9:30 чамасында Форд Мандео үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу (айдоочу-аял киши) Гагарина көчөсү менен Купянский көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Ал Ленин райондук ИИБнин милиция кызматкери экендиги аныкталды.
Учурда окуя болгон жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.