7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Айтматовдун мааракесине арналган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

728

Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мааракесине арналган «Кыргыз тили жана Айтматов дүйнөсү» райондук сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Сынак үстүбүздөгү жылдын 17-октябрынан 15-ноябрына чейин уланып, атайын түзүлгөн калыстар тобунун сынынан 22 мугалим, 162 мектеп окуучусу жана 9 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү өттү.

Жыйынтыгында 1-2-3-орундарды ээлеген катышуучуларга төмөнкүдөй сыйлыктар тапшырылды: Принтерлер, телевизорлор, уюлдук телефондор жана кызыктыруучу сыйлыктар түрүндө К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүктөрү, кыргыз тилинин 1-2-томдук түшүндүрмө сөздүгү жана С.Юнусалиев, Г.Халматов жана Ж. Сооданбековдун окуу куралдары.

Сыйлоо аземине Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова, Бишкек шаардык билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана райондук билим берүү башкармалыгынын директору Таалайгүл Темирканова катышты.

 

 

 

729